АЛКОО ЖАНА ЫРААЗЫЧЫЛЫК (#15330)

Бардык алкоолор бир Өзүңө болсун, о, айланайын Кудайым, бардык даңктын жана улуулуктун, күчтүн жана сыймыктын, өкүмчүлүктүн жана бийликтин, улуулуктун жана ырайымдын, кут-берекенин жана кудуреттин Башаты - Өзүңсүң. Кимди кааласаң улуу Мухитиңе жакындатасың жана каалаганыңа эң байыркы Ысымыңды билүү сыймыгын тартуулайсың. Көк менен жердегилердин эч кимиси Сенин өкүмдүү Эркиңди аткарууга каршы тура албайт. Бардык жаратылгандарды Сен түбөлүк башкарасың жана кылымдан кылымга бардык жаратылгандардын үстүнөн Өз бийлигиңди жүргүзөсүң. Бардыгынан Кудуреттүү, Бийик, Күчтүү, Акылман Сенден башка Кудай жок. 
О, Теңир, пенделериңдин жүзүн жарык кыл, ылайым, алар Сени көрө алгыдай болушсун; жүрөктөрүн тазала, алар Сенин көктөгү ырайымыңдын сарайына кайрылып, Өзүңдүн Келишиңди жана Маңызыңдын Таңын таанышсын. Акыйкатта, Сен бардык ааламдардын Теңирисиң. Чексиз, бардыгын Багындыруучу Сенден башка Кудай жок.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

АЛКОО ЖАНА ЫРААЗЫЧЫЛЫК (#15331)

О, Теңир, айланайын Кудайым, ысымың даңктала берсин! Бардыгы Сага сыйынышат, бирок Сен эч нерсеге сыйынбайсың; бардыгынын үстүнөн үстөмдүк кыласың жана эч кимге кызмат кылбайсың; Сен бардыгы жөнүндө билесиң, Өзүң эч кимге белгисизсиң. Өзүң жөнүндө адамдар билишин кааладың,  ошондуктан бир ооз Сөзүң менен  бардык жаралышка жан бердиң, ааламды жараттың. Ааламды өлчөп-бычкан Жаратуучу, бардыгынан Кудуреттүү, бардыгынан Күчтүү Сенден башка Кудай жок.   
Эркиңдин асманында жаркырап чыккан Сөзүң менен жалынам - Өзүң тандагандардын жүрөктөрүн тирилткен жана Өзүңдү сүйгөндөрдү жанданткан мүрөк суусунан мага да жуткуза көр, ар убакта жана ар жагдайда жүзүмдү Өзүңө гана бургудай болоюн. 
Сен кудуреттин, молчулуктун жана даңктын Кудайысың. Башкы Өкүмдар, бардыгынан Даңктуу, бардыгын Билүүчү Сенден башка Кудай жок.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

АЛКОО ЖАНА ЫРААЗЫЧЫЛЫК (#15332)

Даңкың арта берсин, о, айланайын Кудайым! Сага алкышымды айтам, анткени Өзүңдүн маңызың болгон Жарчыңды мага тааныттың, душмандарыңдан мени оолак кылдың, Сенин Күндөрүңдөгү алардын кылган күнөөлөрүн жана арамдыктарын менин көздөрүмө ачып бердиң, аларга болгон жакындыктан куткардың жана Өзүңдүн кут-берекең менен жоомарт ырайымыңа толугу менен жүзүмдү бурганга мүмкүнчүлүк бердиң. Дагы да Сага алкыш айтам, анткени Өз эркиңдин булуттарынан мага жөнөткөн аруулугуң Сенин ишенимиңден тайгандардын азгырыгынан жана ишенимсиздердин тукуруусунан мени тазартып, Сага бүткүл жүрөгүм менен умтула алдым жана Өзүңдүн ажарыңдын жарыгын четке каккандардан оолак болдум. Анан да, Сага болгон сүйүүмдө бекем болууга күч бергениң үчүн, Өзүңө алкыш айтууга, изгиликтериңди даңазалоого мүмкүнчүлүк бергениң үчүн, көзгө көрүнгөн жана көрүнбөгөндүн баарынан артык болгон ырайым чөйчөгүңдөн даам сызууга ракым эткениң үчүн алкыш айтам.
Сен бардыгынан Кудуреттүүсүң, бардыгынан Бийиксиң, бардыгынан Даңктуусуң, бардыгын Сүйүүчүсүң.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

АЛКОО ЖАНА ЫРААЗЫЧЫЛЫК (#15333)

О, Теңир, айланайын Кудайым, даңкың арта берсин! Сен, акыйкатта, Падышалардын Падышасысың. Кимге кааласаң бийлик тартуулайсың жана кааласаң андан ажыратасың. Кимди кааласаң бийикке көтөрүп жана каалаганыңды төмөндөтөсүң. Кимге кааласаң жеңиш тартуулайсың же кааласаң маскара кыласың. Кимге кааласаң байлык бересиң, кааласаң аны жакырчылыкка кептейсиң. Өз каалаганыңа кимдин үстүнөн үстөмдүк кылаарын аныктайсың. Бүткүл жаралышты уучуңда кармап турасың жана кудуреттүү амириңдин күчү менен каалаганыңа өмүр тартуулайсың. Акыйкатта, Сен бардыгынан Билермансың, бардыгынан Кудуреттүүсүң, күчтөрдүн Теңирисиң.

-The Báb
-----------------------

АЛКОО ЖАНА ЫРААЗЫЧЫЛЫК (#15334)

О, айланайын Кудайым, бардык улуулук жана даңк, бардык үстөмдүк жана нур, асемдик жана жаркыроо Сага таандык. Кимге кааласаң, өкүмдарлык тартуулайсың. Кимден кааласаң, аны тартып аласың. Бардыгына ээлик Кылуучу, бардыгынан Бийик Сенден башка Кудай жок. Сен бүткүл ааламды жана андагы бардык жандарды жоктон бар кыласың. Өзүңдөн башка Сага тең келе турган эч нерсе жок - Сенден башканын баары Өзүңдүн ыйык алдыңда жана Затыңдын даңкы алдында эч нерсеге арзыбайт.
Өзүңдүн улуу Китебиңде: “Ага каректер жетпейт, бирок Ал каректерге жетет. Ал Көрөгөч, Билерман ” деп Өзүң айтканыңдан артык мен Сенин изгиликтериңди даңазалай албасмын. Даңкың арта берсин, о, Кудайым, акыйкатта, кандай гана өткүр көз, курч акыл болбосун Сенин эң жупуну белгиңдин да табиятын түшүнүүгө дарамети жетпейт. Акыйкатта, Сен нак Кудайсың, Сенден бөлөк Кудай жок. Касиеттериңди бир Өзүң гана көрсөтө аласың, Өзүңдөн бөлөк эч кимдин алкоосу ыйык сарайыңа жете албайт жана сапаттарыңды Өзүңдөн башка эч ким түшүнө албай тургандыгына күбөмүн. 
Сага даңк - Өзүңдөн артык эч ким Сени сыпаттай албагандай бийиктесиң Сен, анткени адам баласынын түшүнүк дарамети Сенин нарктуулугуңду ага ылайык деңгээлде алкоого же Сенин Маңызыңдын терең табиятын түшүнүүгө жетишсиз. Өзүңдөн башка эч бир жараткандарың Сенин даңкыңды сүрөттөөгө же толук таанууга күчү жетпейт. Мен өзүңдү таанып-билдим, о, айланайын Кудайым, анткени Сен жөнүндө мага Өзүң билдирдиң, Өзүңдү ачпаганыңда, мен Сени таанып-биле албас элем. Өзүңө таазим кылам, анткени Сен мени чакырдың, Өзүңдүн чакырыгың болбосо, мен Сага таазим кыла албас элем. О, айланайын Кудайым, Сен даңктуусуң; менин айыптарым оор жана күнөөлөрүм өтө чоң. Сенин ыйык тагыңдын алдыңда кандай гана маскара тагдырга туш болом. Өзүңдү мага ачып бергендей деңгээлде мен Сени тааный албадым; Сенин чакырыгыңа ылайык келгендей берилгендик менен Өзүңө ибадат кылбадым; Сага татыктуу деңгээлде баш ийе албадым, анткени сүйүүңдүн жолунда Өзүң шыктандыргандай таризде жүргөн жокмун.
Мага Өзүңдүн кудуретиң күбө - о, айланайын Кудайым, жараткандарың жетүүгө аракет кылгандан алда канча улуксуң, чексиз бийиксиң. Акыйкатта, Сага татыктуу боло тургандай эч ким Сени таанып биле албайт жана Өзүңдүн улуулугуңа ылайык келгендей бир да пенде Өзүңө урмат көрсөтө албайт. О, кагылайын Кудайым, Сенин далилиң ушунчалык кынтыксыз жана бардыгын камтыйт, андыктан анын терең маңызы кандай жандын болбосун ой-санаасынан алда-канча жогору турат, төгүлгөн сыйларыңдын молдугунан, алардын эсепсиз санын эч бир сезим камтый албайт.
О, Аллам! О, менин Төрөм! Сенин бар берекелериң менен жана Сенин даңк тагыңдын түркөктөрү менен жалбарам – өткөөл өмүрдүн сынактарын көтөргөнгө дармансыз бул момун жандарыңа ырайым кыл, Өзүңдүн адилеттигиңе ылайык Сенин каарың менен бериле турган түбөлүктүү жазаңдын оордугуна туруштук бере албайт, аларга жардамыңды жөнөт. 
Өзүңдүн Ысымың менен жалбарам, о Кудайым, менин Төрөм жана Өкүмдарым – мага жан тартып болуша көр. Мен Сенин адилеттигиңден ырайымдуулугуңа качтым. Сенин жолуңдан бир көз ирмем да айныбагандар үчүн Сен Өз ырайымыңдын жана жоомарттыгыңдын белгиси катары бар жаратылышты жасадың, өзүмдү куткаруу үчүн мен ошол жандарды жана Сени гана издейм.

-The Báb
-----------------------

